Путиндин бийликте калуусуна жол ачкан мыйзам долбоору Баш мыйзамга ылайык деп табылды

Окуялар тизмеги 17 Мар 2020 13:44
0 ой-пикир

Россиянын Конституциялык соту «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам Баш мыйзамга туура келет деген бүтүм чыгарды. Баш мыйзамдын жаңы текстти бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылат.

Буга чейин, 14 мартта Россиянын президенти Владимир Путин «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

Россиянын учурдагы Баш мыйзамы боюнча Путин 2024-жылы президенттик кызматтан кетиши керек эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.