Россияда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өтүүдө

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 12:45
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-июлда Россияда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдум өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-январына карата жалпы шайлоочулардын саны 108 648 120 адам. Добуш берүү беш күн мурда эле башталган. Ушул убакыт ичинде 50 миллион чамалуу шайлоочу добуш берип, катышуу 45,7 пайызды түздү. 

Эске салсак, 14-мартта Россиянын президенти Владимир Путин «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан гана куралары жазылган.

Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынып, мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылган. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачкан. Конституциялык сот бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келет деген бүтүм чыгарган.

Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.