Алик Аскаровдун миссиясы

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 30 Июн 2021 10:40
0 ой-пикир

Бишкек шаары менен Баткендин жана Баткен облусунун – Баткен-жана Исфана шаарларынын ортосунда аба каттамдарын жүргүзгөн «Tez Jet» авиакомпаниясы өлкөнүн эң алыскы аймагы менен республиканын борборунун ортосундагы туруктуу транспорттук байланышты камсыз кылуу боюнча чыныгы асыл миссияны аткарууну улантууда. Акыркы окуялардан кийин айрым күндөрү аба каттамы «жер» менен туруктуу байланыш каналына айланганы эч кимге, айрыкча Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарына жашыруун эмес.

Мисалы, Лейлек району автоунаа жолдорундагы тыгындын айынан өлкөнүн башка аймактары менен дээрлик байланышсыз калган.

Ал күндөрү авиакомпания 10 жолу акысыз каттам жасап, жаракат алгандарды ташып, эң керектүү товарларды жеткирүүгө жардам берген. Акыркы гуманитардык акциялардын бири — Баткен облусунан 150 баланы жайкы эс алууга Ысык-Көлгө акысыз жеткирүү болду.

Асыл миссия ушул жумада дагы жаңы акция менен уланды. Куралдуу кагылышуудан жабыркаган айылдарга Tez Jet компаниясынын башчысы өзү жүргүнчү катары келди.

«Албетте, компания Баткен облусуна каттамдарды көбөйтүү тууралуу ойлонууда. Мисалы, ушул жумадан баштап биз Исфанага жумасына 3 каттам жасайбыз, эгер жүргүнчүлөр агымы көп болсо, каттамдардын саны көбөйтүлүшү мүмкүн. Бирок, жергиликтүү бийлик айткандай, азырынча каттамдар жетиштүү.

Калктын аялуу катмары үчүн, деги эле жалпы жүргүнчүлөр үчүн билеттин баасын жеткиликтүү кылуу тууралуу ойлонуп жатабыз», — деди Алик Бакеевич чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда.

«Бүгүн биз башка миссия менен келдик – сиздерге жардам көрсөтүү үчүн. Сиздер жардамга муктаж болуп турасыздар жана колунан келгендер жардам берүүсү керек. Бул менин жеке позициям, менин жарандык парзым, бийликтин, Президенттин чек арадагы абалды турукташтыруу аракеттерин колдоо керек деп ойлойм. Азыр эң жөнөкөй, бирок эң керектүү нерселерге муктаж болуп жаткандарга жардам берүүнү чечтим. Менин үй-бүлөм, жубайым, досторум, алардын ичинен өлкөгө белгилүү адамдар – генерал-лейтенант Сатыбалдиев Эльмурза, генерал–майор Исаев Талант мени колдошту. Биз сиздер мененбиз», — деди Аскаров Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдык округдарынын тургундары менен болгон жолугушууда.

Tez Jet компаниясынын жетекчилери 4 миллион 150 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүштү. Акчалай жардамды жабыркаган 160 үй-бүлө алды, мындан сырткары, Алик Бакеевич Кулунду айылындагы реабилитациялык борборго 150 миң сом берүү чечимин жеринен кабыл алды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй-жайынан ажыраган тургундар ыраазычылыгын билдиришти.

Автор: Темирбек Орозбаев – Elgezit.kg үчүн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.