Афганистандын түндүгүндө абал алмашуудабы?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Июн 2021 11:12
0 ой-пикир

Афганистандан америкалык аскерлердин толук чыгарылышынын алдында “Талибан” өлкөнүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен чектешкен түндүгүндөгү провинцияларда бийлигин жүргүзө баштады.

Өкмөттүк аскерлер Кабулдук администрация менен бирге аларга каршылык көрсөтүшкөн жок жана ар жакка чачырап, позицияларына турбай эле. Айрымдар “суунун ары жагына” Тажикстанга жана Өзбекстанга чуркашууда.

24-июнда Өзбекстандын ТИМи «23-июнда Өзбекстандын аймагына афган чек ара аскерлеринин жана жергиликтүү элдик кошуундардын 53 жоокери өткөрүлүп берилгендигин» жарыялады.

Афгандыктар түнү менен Амударыядан кеме менен өтүшкөн.

«Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин жогоруда аталган афганистандык жарандар мекенине кайтарылды. Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттеринин бардыгы катуу текшерилип, мамлекеттик чек араны бузгандарга карата эң катаал чаралар көрүлөт”, — деп билдирди Өзбекстандын ТИМи.

Ушундай эле көрүнүш афган-тажик чек арасында да болууда. Душанбе Тажикстандын аймагына Кундуз провинциясындагы талибандардын кысымынан улам чегинүүгө аргасыз болгон 120 афганистандык аскер өткөнүн жарыялады. Бирок тажик бийлиги афгандыктардын депортация болгону тууралуу маалымат беришкен жок.

Бирок Талибандардын өздөрү тарабынан Афганистандын түндүк чек араларын бузуп өтүү аракети болгон жок. Талибдер өздөрүн тышкы экспансияга умтулбаган ооган аскерий-саясий күчү катары көрсөтүп келишет.

Афганистандын түндүгүндөгү мындай абал Афганистандын жетекчилиги, президенти Ашраф Ганинин АКШга болгон расмий сапары башталар алдында, өлкө жетекчиси Вашингтондо жүргөн учурда болууда. Чоң делегациянын катарына Ооганстан иерархиясындагы экинчи адам, президент Ганинин бийлик үчүн күрөштөгү атаандашы, доктор Абдулла Абдулла да бар.

Тажикстандын президенти Рахмон акыркы эки күндө Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери Мирзиеев жана Токаев менен шашылыш кеңешме өткөрдү.

Бул окуялардан улам Ашраф Гани мекенине кайтпай турса болот, себеби ал бир учурда америкалык жаран болбоду беле деген кептер айтылууда…

Автор: Аркадий ДУБНОВ Булак: Facebook

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.