Аскердик жана жарандык кызматташтыктын ортосунда: Мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн аскердик-техникалык кызматташтыгынын векторлору

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Июл 2021 14:05
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин кандидаты, Россиянын илимдер академиясынын постсоветтик изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Алексей Кривопалов «МедИАЦия» эл аралык программасынын алкагында СССР кыйрагандан кийин аскердик системада эмне болгонун айтып берди.

Ia-centr.ru порталынын редакциясы эксперттин айрым тезистерин жарыялаган.

– Жарандык коом мамлекеттин коргоо секторуна короткон чыгымдарын көбүнчө сындап келет. Бул мыйзам ченемдүү реакция деп эсептейсизби?

— Мыйзам ченемдүү. Европа демократиясында аскердик чыгымдар компромисс жолу менен аныкталарын түшүнүү керек.

Жогорку аскердик чыгымдар кыска мөөнөткө гана болушу керек, мисалы, XXI кылымда Азербайжанда аскердик чыгым ИДПнын 16 пайызын түзгөн. Ал эми 2008-жылы согуштун алдында Грузиянын аскердик бюджети 8 пайызды түзгөн. Тынч маалда мындай аскердик бюджеттер актуалдуу эмес. Стокгольмдогу дүйнөдөгү көйгөйлөрдү изилдөөчү институттун маалыматына ылайык, 2020-жылга карата ИДПга карата аскердик чыгымдардын пайыздык үлүшү төмөнкүдөй болгон: РФ — 4,3%; АКШ – 3,7%; Индия – 2,9%; Улуу Британия – 2,2%.

Коомчулук мындай жүктү көтөрө албайт, ошондуктан мындай форматтагы аскердик чыгымдарды – спринтердик чуркоо деп атасак болот.

– СССР кыйрагандан кийин анын курамында болгон өлкөлөрдүн аскердик-техникалык кызматташтыгы эмне болгон?

Постсоветтик аскердик-өнөр жай комплексин классификациялоонун эки түрү бар: биринчиси – индустриализацияланышынын жана советтик коргонуу жөндөмүнүн даражасы. Өлкөнүн кулашы менен ири борборлоштурулган советтик аскердик-өнөр жай комплекси талкаланды. Украина менен Беларусь өндүрүш ишканаларына ээ болгону менен ал ишканалар өндүрүш цикоин улап кете алышкан эмес, башкача айтканда, негизги маркадагы куралдарды чыгара алышкан эмес.

Россия СССРдин мурдагы аскердик потенциалынын 80%ына ээ болгон, калган 20 пайызын толтуруу өтө коркунучтуу абалды жаратты, акыркы 25 жылда аны толтуруу аракети болуп келди. Акыркы 10 жылда Россия өзүнүн аймагында согуштук тутумдарды, биринчи кезекте ядролук ракеталарды чыгарууну локалдаштырган.

Классифкациянын экинчи түрү — Россия менен саясий жакындык, бул көп учурда Москва менен аскердик-техникалык кызматташтыкты талап кылат.

– Сиз учурдагы интеграциялык долбоорлорду мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрүнүн аскердик өз ара аракеттенүүсүнүн уландысы деп эсептейсизби?

— Постсоветтик аймактагы демилгелердин катарында – КМШ, Евразиялык бирлик, ЕАЭБ, ЖККУ аскердик-стратегиялык бирикмеси бар.

Акыркысы бир катар постсоветтик өлкөлөрдү камтыйт – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан. ЖККУга мүчө болуу аскердик техниканы жеңилдетилген артыкчылык менен сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул уюм формасы боюнча Варшавалык келишим уюму (1991-жылы жоюлган) же НАТО блогу сыяктуу аскердик бирлик менен ШКУ же ЕККУ сыяктуу көп функционалдуу интеграциялык аянтчанын ортосундагы уюм.

ЖККУ — жаңы типтеги көп функционалдуу жамааттык коопсуздук уюму. Уюмдук мааниде алсак, ЖККУ КМШ мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн 1992-жылкы Ташкент келишимине барып такалат. Уюмду түзүүгө Афганистандагы окуялар түрткү берген, 1996-жылы талибандар Кабулду алып жана 1998-жылы Тажикстандын аймагына киргенден кийин, Борбор Азия багытындагы кырдаал кескин курчуп кеткен.

Прибалтика мамлекеттери жана Грузия, Азербайжандан тышкары, постсоветтик мейкиндикте бир дагы өлкө советтик мурастан кол үзө алган жок.

Бирок, уюштуруучулук жана техникалык жактан алганда, Советтик стандарттан алыстоо аскердик саясат учурдагы тышкы саясий чакырыктарга ылайыкташууга алып келет. Ар бир постсоветтик армиянын көрүнүшү ар бир өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарына жараша жөнгө салынат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.