Мусуркул Кабылбеков Ташиевдин билдирүүсү тууралуу: Бизде Вольтерлерди камабайт

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Июл 2021 11:54
0 ой-пикир

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жакында президентти жана башка жогорку кызматтардагы аткаминерлерди жамандагандарды атайын кызмат каттоого алып жатканын билдирди. Анын мындай сөзүнө коомчулук катуу реакция кылды.

Активисттер бул сөз эркиндигине болгон коркунуч экенин билдиришти. Эксперттер президентке карата сын айткандарды кугунтуктоо УКМК сыяктуу мамлекекттик органдын милдетине кирбей тургандыгын айтып чыгышты.

Бул маселе боюнча өз пикирин белгилүү публицист Мусуркул Кабылбеков да жазып чыкты. Төмөндө анын пикирин өзгөртүүсүз жана кыскартуусуз беребиз.

“1968-жылы Парижде студенттердин нааразычылыгы учурунда белгилүү философ Жан Поль Сартр кармалган. Ал кармалары менен Шарль де Голлдун буйругу менен кайрадан бошотулган. Дал ошондо Голль дүйнө жүзүнө тараган белгилүү сөзүн айткан: “Бизде Вольтерлерди камабайт”

Муну Францияга кылган кызматын Наполеондун иши менен салыштырууга боло турган адам айткан. Бул адам армиясы жок, Германияга баш ийип турган кезде Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңүүчү болгон державаларды жеңишинин натыйжалары менен бөлүшүүгө мажбур кылганын эстөө эле жетиштүү. Анын Франциянын кызыкчылыгын коргоодогу ийкемсиздиги, башын бийик кармагандыгы Черчилль менен Рузвельтти ачууланткан, бирок аларды француз тараптын бардык шарттарын кабыл алууга мажбур кылган.

Камчыбек Ташиев УКМКнын башчысы болуп турганда өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө аракет кылып жатат. Ооба, казынага 6 миллиард сом төгүштү, бул чоң салым. Бирок УКМКнын төрагасы бул сумманы үч революциянын арты менен келген эркиндик үчүн төлөм деп эсептесе, чоң жаңылышат. Ал таптакыр баа жеткис.

Таразанын эки ташы бар экенин эстен чыгарбоо керек, биз таразанын экинчи жагына чек ара маселесинде анын кетирген каталарын сала турган болсок, тараза ташы кайсы тарапка ооп кетет деген суроо берүүгө укугубуз бар.

Кандай гана болбосун, биз бир талашсыз фактыны айтууга тийишпиз — Камчыбек Ташиев өлкөдөгү демократиялык эркиндикке коркунуч туудурууда жана жарандык коомдун туруктуу көзөмөлүнө муктаж.

Де Голлго келсек, ал өлкөнү оор абалда кабыл алган. Францияны ядролук державалардын катарына кошту. Анын өмүрүнө 32 жолу кол салуу болгон, бирок бул улуу адам мекендештеринин эркиндигине кол салган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.