Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү парламентте ант берди

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 11:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти.

Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт 17-июнда бекитилген, министрлер кабинетинин курамы негизинен мурдагы бойдон сакталган.

Жаңы өкмөттүн курамы:

Вице-премьер-министрлер:

Асрандиев Эркин Шамшудинович;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна.

Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин башчылары:

Айдарбеков Чынгыз – Тышкы иштер министри;

Джунушалиев Кашкар – Ички иштер министри;

Джаманкулов Марат – Юстиция министри;

Жеенбаева Бактыгуль – Каржы министри;

Муканбетов Санжар – Экономика  министри;

Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана  мелиорация министри;

Бейшенов Жанат — Транспорт жана жолдор министри;

Аскаров Замирбек – Өзгөчө кырдаалдар министри;

Исаков Каныбек – Билим берүү жана илим министри ;

Абдикаримов Сабиржан – Саламаттыкты сактоо министри ;

Жаманкулов Азамат – Маданият, маалымат  жана туризм министри;

Кочкоров Улукбек —  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Опумбаев Орозбек – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Тердикбаев Эрлис –Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы ;

Осмонбетов Эмиль – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Исмаилов Алтынбек – Маалыматтык технологиялар жана  байланыш  мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Темиралиев Таалайбек – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.