Жогорку Кеңеш Боронов жетектеген жаңы өкмөттү бекитти

Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 13:35
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти.

Каттоодон 116 депутат өтүп, алардын ичинен 3 депутат гана каршы добуш берди. Каршы добуш берген депутаттар: Наталья Никитенко («Ата Мекен»), Ирина Карамушкина (КСДП), Рыскелди Момбеков (КСДП).

Премьер-министрликке Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Жыйында Боронов мурдагы өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтып, баяндама жасады. Депутаттарда жалпы суроолор берип, сын-пикирлер көп айтылган жок.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.

Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.