Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти.
Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт 17-июнда бекитилген, министрлер кабинетинин курамы негизинен мурдагы бойдон сакталган.
Жаңы өкмөттүн курамы:
Вице-премьер-министрлер:
Асрандиев Эркин Шамшудинович;
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;
Исмаилова Аида Жекшенбаевна.
Министрлер жана мамлекеттик комитеттердин башчылары:
Айдарбеков Чынгыз – Тышкы иштер министри;
Джунушалиев Кашкар – Ички иштер министри;
Джаманкулов Марат – Юстиция министри;
Жеенбаева Бактыгуль – Каржы министри;
Муканбетов Санжар – Экономика министри;
Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Бейшенов Жанат — Транспорт жана жолдор министри;
Аскаров Замирбек – Өзгөчө кырдаалдар министри;
Исаков Каныбек – Билим берүү жана илим министри ;
Абдикаримов Сабиржан – Саламаттыкты сактоо министри ;
Жаманкулов Азамат – Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кочкоров Улукбек — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Опумбаев Орозбек – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
Тердикбаев Эрлис –Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы ;
Осмонбетов Эмиль – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Исмаилов Алтынбек – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Темиралиев Таалайбек – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.