Кадырбек Атамбаев: Атама атайылап оору жуктурушту

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 16:02
0 ой-пикир

Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты.

“Фейсбукта” жарыяланган билдирүүдө «Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз» деп айтылган.

Анда УКМКнын тергөө абагы инфекциянын жайылткычына айланганы, камакта отургандардын кеминде онунан COVID-19 табылганы, Атамбаевге оору анын жакындарынан жана адвокатынан жукту деген божомол “абсурд” экени, себеби аны менен жолугушуулар өтө сейрек уюштурулары жана атайын коргоочу айнек аркылуу, беткап кийип өтөрү жазылган.

«Бийлик карантинге карабастан Атамбаевди жана анын тарапкерлерин гана Кой-Таш окуясы боюнча сотко коргоо каражаттарысыз ташып жатты. Бийлик ошондо эле өзүнүн саясий каршылаштарына коронавирус жуктуруу ниетин көрсөткөн деп эсептейбиз. Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 11-майда Атамбаевге оорунун жугушун алдын алуу үчүн аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирген, бирок бийлик ал кайрылууну атайылап көз жаздымда калтырган», — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаевдин туугандары азыр ал каерде экенинен кабары жок болуп жатканын, аны абактан туугандарына айтпай чыгарып кетишкенин, бейшембиден бери “кооптуу долбоор катары” таанылган “Эргоферон” деген дары менен дарылап келишкенин билдиришти.

Заявление членов семьи экс-президента Алмазбека Атамбаева.Мы, члены семьи Алмазбека Атамбаева, убеждены что…

Posted by Кадырбек Атамбаев on Monday, June 29, 2020

Эскерте кетсек, УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Алмазбек Атамбаев 29-июнда саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Ушундан улам, Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылгандыгын атайын кызмат кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.