Абакта жаткан Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылды.
УКМКдан маалымдашкандай, мурдагы президенттин коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализи таза чыккан. Анын саламаттыгына байланыштуу дарыгерлердин консилиуму болуп, анын жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевге «эки араптуу пневмония» деген диагноз коюшкан. Ошондой эле ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган.
УКМКдан кошумчалашкандай, акыркы жумада А.Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана жакындары менен жолуккан. Алар ага кагаз жана буюмдарды өткөрүп беришкен.
Буга чейин, анын жактоочусу Замир Жоошев коронавирус аныкталып, Ысык-Ата райондук ооруканасында дарыланып жаткан жакын бир тууганы менен контакта болгону аныкталган.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.
Мамлекеттик сыйлыктарынан («Данакер» жана II даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы) ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоого алынган.