Асел Кадырбекованын апасы колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 21:38
0 ой-пикир

Ырчы Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева кызынын сакайышын каалап жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына бөлүштү.

“Мени жана кызым Асель Кадырбекованы колдогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиремин! Кудай буюрса, сиздердин дуаңыздар кызыма жөлөк болсун!” -деп жазды Дилбар Монокбаева.

Эске сала кетсек, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда кечинде Toyota Camry машинасын айдап бара жатып, жол кырсыгына учураган. Анын машинасы жеке күзөт агенттигинин унаасы менен кагылышып, андан үч киши жабыркаган.

Жол кырсыгынын кесепетинен ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен. Учурда ырчы комада.

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир атактуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.