Ырчы Асель Кадырбекова комада. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 13:51
0 ой-пикир

Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түштү.

Кечээ, 26-июнда саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталып, ыкчам реакция жасоо тобунун унаасы менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков ЖМКларга билдиргендей, жол кырсыгынан жабыркаган Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө.

«Абалы оор, комада жатат. Мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен. Дарыгерлер түнү бою анын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келишинче аракет жасашты. Дагы деле эсине келе элек. Томография, рентгендерди жасадык. Убакыт керек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Комадан чыгып кетсе операция жасалат», — деди Жумабеков.

Башкы дарыгер экинчи унаадагы бир киши дагы ооруканада жатканын кошумчалады. Анын баш мээси чайкалган, абалы туруктуу.

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир атактуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.