Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Запольский эмнеден көз жумгандыгы айтылды

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 12:26
0 ой-пикир

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольскийдин өпкөсү эки тарабы тең пневмониядан жабыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, Запольский үйүнө дарыгер чакырып төрт-беш күн дарыланып турган. Абалы оорлошкондон кийин ооруканага жаткырылган.

“26-июнда бейтап реанимацияга жаткырылган. Ооруканага келгенде анда эки тараптуу пневмониянын оор түрү экендиги аныкталган. Алгач Улуттук госпиталда ачылган пневмония бөлүмүндө дарыланган. Кычкылтек менен дем алып жаткан, эртеси эртең менен абалы жакшырып калган болчу. Кийинчерээк аны кыргыз-түрк ооруканасына алып баратканда абалы кескин начарлап кетип, жолдон №1 Шаардык клиникалык ооруканасына алып киришкен. Жандандыруу бөлүмүндө 27-июнда жатып көз жумду”, —  деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский кечээ, 27-июнда, 39 жашында каза болгону кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.