Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский 39 жашында каза болду.
Алдын ала маалымат боюнча, ал 25-июнда оор абалда реанимацияга түшкөн. Көрүлгөн медициналык жардамга карабай, Запольский 27-июнда көз жумган. Азырынча диагнозу айтыла элек.
Запольский Олег Викторович азыркы Бишкек шаарында 1981-жылы туулган. 2004-жылдан тарта Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде ыкчам кызматкер болуп иштеп баштаган. 2019-жылдын январь айында ИИМге караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалган.
Олег Запольский — «Дело №» гезитинин негиздөөчүлөрү Виктор Запольский менен Светлана Красильникованын уулу.
Eigezit.kg редакциясынын жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.