Толгонай Стамалиева: Президенттин эки анализи тең таза чыкты

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 17:03
0 ой-пикир

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун саламаттыгы тууралуу билдирүү таркатты.

Маалыматка ылайык, президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан.

Мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчи ирет Бишкекке кайтып келгенден кийин тапшырган.

“ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, — деди Толгонай Стамалиева.

Эскерте кетсек, 27-июнда президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана дагы сегиз кызматкер коронавируска чалдыкканы кабарланды. Ага чейин, сегиз кызматкерден COVID-19 вирусу табылган.

Жалпы жонунан аппараттын 17 кызматкери илдет жуктурган. Учурда алардын баары обочолонгон, абалдары жакшы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.