Президенттин аппарат жетекчисинен коронавирус аныкталды

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 13:21
0 ой-пикир

Президенттин аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.

Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.