Ак үй дезинфекциялоо үчүн жабылат

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 19:56
0 ой-пикир

Ак үйдүн имараты залалсыздандыруу иштери жүргүзүү үчүн 2 күнгө жабылат. Бул маалыматты Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борбору тастыктады.

«Ак үй дезинфекцияланып жатат. Буга чейин да мындай иштер жүргөн. Анда иш бөлмөлөр тазаланса, бул ирет жалпы имарат дезинфекцияланууда»,— деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Президенттин аппаратынан жалпы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинде Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бар. Жогорку Кеңештеги 4 депутаттан жана аппараттын 4 кызматкеринен Covid-19 аныкталган.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө караганда, Сооронбай Жээнбековдун тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.