Парламенттик шайлоо пандемияга карабай өткөрүлө турганы айтылды

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 16:03
0 ой-пикир

Күзгө дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо коронавирус пандемиясына карабай өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 26-июнда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Республикалык штабдын биргелешкен жыйыны өттү.

Жыйында Кыргызстанда пандемияга байланыштуу шайлоо кандай шартта өткөрүлөт, шайлоочулардын коопсуздугу жана учурда шайлоого кандай даярдыктар бар тууралуу маселелер талкууланды.

Буга чейин БШК тарабынан парламенттик шайлоонун 4-октябрда өтөрү белгиленген. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 18-июндагы жыйында белгилегендей, тармактык түзүмдөр жогоруда аталган саясий процесстерге жакшы даярдык көрүүгө тийиш.

«Бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда. Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү», — деген премьер-министр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.