Өкмөт парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыз кылышы керек, — Кубатбек Боронов

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 18:50
0 ой-пикир

Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыз кылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, тармактык түзүмдөр жогоруда аталган саясий процесстерге жакшы даярдык көрүүгө тийиш.

«Бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда. Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү», — деди ал.

Премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга токтолду.

«Эпидемиологиялык кырдаал да күч алып турат. Жаңы катталган, кайдан жуктурганын билбеген учурлардын саны көбөйдү. Бишкек жана Ош шаарларындагы, Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалга өзгөчө көңүл буруу керек», — деди Боронов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.