Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 18:46
0 ой-пикир

Кыргызстандын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке учуп кетти. Учаардын астында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиледи.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.