Жалал-Абаддын мэри коронавирус жугузуп алды

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 12:05
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алды. Бул маалыматты облустук штаб ырастады.

Калаа башчысынан COVID-19 вирусу 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 132 адамдан аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Натыйжада 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 2789 адамга жетти. Илдеттен көз жумгандардын саны 32 болду.

Ушул тапта Коопсуздук кеңеши өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселени карап жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.