Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талкулоодо

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 10:51
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматтар угулууда.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул илдет алгачкы күнү табылган 18-марттан бери эң жогорку көрсөткүч.

COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 2789га жетти. Ал эми айыккандардын жалпы саны 1961. Вирус жуккан 32 бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.