Кимсановдун СИЗОдо сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө башталды

Окуялар тизмеги 19 Июн 2020 16:53
0 ой-пикир

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышына байланыштуу кылмыш иши ачылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш иши Кимсановдун арызынын негизинде Жазык кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») боюнча козголду. Тергөөнү Башкы прокуратуранын атайын прокуратура кызматы жүргүзүп жатат.

Буга чейин мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү, 3-апрелде болгонун маалымдаган.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «бул тасма фейк болушу мүмкүн» деп жооп берген.

Кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында абакта Эмилбек Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн экендиги да айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.