Ошто кыз узатуу тойун өткөргөн ресторан жабылды

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 14:10
0 ой-пикир

Ош шаарындагы ресторандардын биринде өтүп жаткан кыз узатуу тою токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, аларга «Алтын-Ордо» ресторанында көп адамдын катышуусунда той өтүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аны текшерүү үчүн атайын мэриянын алдында түзүлгөн топ барганда, чындыгында эле жетимиштен ашык адамдын катышуусунда кыз узатуу каадасы өтүп жатканына күбө болушкан.

«Тойдо санитардык талаптар аткарылган эмес, коноктордун басымдуу бөлүгүндө бет кап жок болгон. Мындан улам биздин топ жеринде ал тойду токтотууну чечти. Ресторан ээсине 3000 сом өлчөмүндөгү айып салынып, имарат белгисиз мөөнөткө жабылды. Ал эми той ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар үйлөрүнө тарап кетишти. Мындай чара бир гана Ошто эмес, өлкө боюнча колдонулуп жаткан эреже болгондуктан, жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну жана санитардык талаптарды аткарууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарында «Кайнар» ресторанына элүүдөн ашык адамды топтоп, куран окутуу өткөргөнүнө байланыштуу убактылуу жабылган.

Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан ашык орундук ээленбесин деген талап коюлган. Санитардык нормаларды бузгандарга Бузуулар кодексинин негизинде физикалык жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң өлчөмүндөгү айып салуу каралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.