Карантин шартын бузган «Кайнар» ресторанынын жетекчиси жазаланды

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 14:11
0 ой-пикир

Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат жок. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун коркунучун айрым жетекчилер маани бербей жатат.

«Санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан карантин режимин бузган «Кайнар» ресторанына айыппул салынды», — дейт ал.

Бирок, вице-мэр айыппулдун суммасын айткан жок. Ошондой эле Кузнецова коронавирус илдетине шектенген учурда 118 ыкчам номерине, санитардык нормалар жана эрежелер сакталбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын күнү-түнү иштеген 1840, 1850 колл-борборуна кайрылса болорун эскертип кетти.

Эскертек кетсек, айрым ЖМКлар кечээ, 11-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эжесинин кайтыш болгондугуна байланышту «Кайнар» ресторанына куран окутканын жазып чыгышкан. Ага ЖКнын депутаттары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлердин катышкандыгы айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.