«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору 4-августка чейин чейин камакта калды

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 15:22
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечими менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Канатбек Абдыкеримов 4-августка чейин камакта калды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Абдыкеримов УКМК тарабынан 15-июнда коррупциялык аракеттерге шектелип кармалган.

Чекисттер «Кыргыз темир жолдун» мурдагы башкы директору жана бир катар жооптуу кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция, ири көлөмдө уурдоо фактылары кылмыш иши иликтенип жатканын кабарлаган. Бул мекемеде мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топ түзүлгөнү аныкталган.

Канатбек Абдыкеримов кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 млрд сомго жеткирген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8%дан 15%га чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “ыраазычылык” катары берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50%ы жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.

Жалпысынан, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.