УКМК: «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 18:00
0 ой-пикир

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын тергөө башкармалыгы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын бир катар жооптуу кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция жана ири көлөмдө уурдоо фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.

«Аталган мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси А.К.А. ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда көзөмөлгө алынган компаниялар менен биргеликте өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топту түзүп алган. Кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында А.К.А. ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 млрд сомго жеткирген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн. Ошол эле учурда жогорудагы схемага ылайык, башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8%дан 15%га чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “ыраазычылык” катары берип турушкан. Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 % жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку жетекчиси А.К.А. мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүн 15-июн күнү жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде, Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы А.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын июнь айынын башында КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү боюнча 4 адам кармалган. Алар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жана азыркы жооптуу адамдары жана жеке компаниянын өкүлү кармалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.