Бишкекте батутка, ижарага велосипед берүү жана жайма базарларга тыюу салынды

Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 09:15
0 ой-пикир

Баш калаада балдар ойноочу батут, ижарага велосипед берүү жана жайма базарларга убактылуу тыюу салынды.Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Муниципалитет бул чектөөлөрдү санитардык коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү. Ал эми эреже бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандар көбөйүүдө. 14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен.

Президент Сооронбай Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.