Сооронбай Жээнбеков: «Бишкек бара-бара өлкөдөгү коронавирустун очогуна айланып баратат»

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 17:02
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

Анын маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы — бүгүнкү күндө экономиканын 90%дан ашык тармактары толугу менен иштерин баштагандыгы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай келе жатканын белгиледи.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, ал Нарын облусундагы эки райондун ортосунда жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жаралган талаш-тартыш жөнүндө маалымат берди. Кубатбек Боронов Өкмөт тарабынан аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2 аптанын ичинде мыйзам чегинде жайыттардын кимге таандуулугу боюнча чечим чыгарылаарын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин айтты.

«Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деди Мамлекет башчысы.

Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы жайыт талашуу маселесин тыкыр иликтеп, чечүүгө Өкмөттүн көңүлүн бурду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.