Ферганада кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын жыйыны өтөт

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 14:31
0 ой-пикир

Ѳзбекстан тараптын чакыруусу менен 22 — июнунда Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ѳзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги III жыйынын ѳткѳрүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аталган парламенттер аралык комиссиянын тең тѳрагасы болуп саналат.

Буга байланыштуу, 12 — июнда Жогорку Кеңештин Тѳрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Ѳкмѳткѳ караштуу мамлекеттик агентстволордун жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өттү. Иш — чарага Өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү да баам салып, жыйынга видео — конференция аркылуу байланышка чыгышты.

Талкууда 22 — июнда Фергана шаарында ѳтѳ турган парламенттер аралык комиссиянын III жыйынында карала турган маселелер тууралуу сөз болуп, тиешелүү маалыматтар такталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.