Геворг Мирзаян: Орус тилдүүлөрдүн көйгөйү — Россиянын гана көйгөйү эмес

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 20 Авг 2021 16:50
0 ой-пикир

Саясат таануучу Геворг Мирзаян орус тилдүүлөрдүн укуктары бузулгандыгы тууралуу кабар коркунучтуу тенденция катары жоромолдонору жана Россия кантип «өз элин» коргой алары жана коргой турганы тууралуу пикирин билдирди.

Бир жумадан ашык убакыттан бери интернетте жана басылмаларда серепчилер жана карапайым калк Борбор Азиядагы орустар туш болгон жагымдуу эмес жагдайлар тууралуу талкуулашууда. Кыргызстанда орусча сүйлөгөн кызга калькуляторду ыргыткан учур жана Казакстандагы “тил рейддери” маалымат айдыңындагы абалды курчутту.

Россиялык серепчилердин пикири эки ача болуп турат: кээ бирлери бир жолу болгон окуяларды күчөтүп, трендге айлантоону сунушташууда. Башкалары акыркы апталарда болгон окуялар жергиликтүү улутчулдардын тарбиясынан улам пайда болгон Россияга каршы өтө жагымсыз тенденциянын көрүнүшү экенин айтышып, буга катаал реакция кылуу керектигин белгилешүүдө.

Эки позиция тең маалымат мейкиндигинде өз колдоочуларын тапты, бирок теманын өзү, албетте, татаал жана андагы келтирилген аргументтер көбүнчө эмоционалдык ачууланууну пайда кылат.

Эбак эле “өз” болуп калган “өзгөлөр”

Ошентип, формалдуу түрдө, орустар чын эле Борбор Азияга “башкалар” катары келишкен. Алар региондо XIX кылымда басып алуучулар катары тамыр жайышкан (мисалы, Украинага же Грузияга келүүдөн айырмаланып). Андан соң XX кылымда жарандык согуш учурунда басмачылар куулганда жергиликтүү элиталардын каршылыгынан ийгиликтүү өтүшкөн (азыркы «историофейкографиянын» түшүнүгү боюнча — көз карандысыздык үчүн күрөшчүлөр).

Бирок, чындыгында, «өзгөлөр» болбосо, азыр биз билген регион болмок эмес. XIX кылымда бул мейкиндик дүйнөнүн башка бөлүгүнөн ажыратылган болчу – өздөрүнө гана тиешелүү дүйнө таанымы бар коомдордун кландык түзүлүшү бар эле. Дал ошол “өзгөлөр” регионго прогресс алып келишти – өнөр-жай, медицина, билим берүү, технология, цивилизация өнүктү, албетте анын да ар кандай кесепеттери болду. Ошондой эле мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик институттар да пайда болду.

Ошондуктан бир кезде Борбор Азияда “өзгө” болгону менен кийин Союзга биригип “өз адамга” айланып, согуш трагедиясын бирге баштан өткөрүп, өйдөдө, төмөндө бирге болгондордун ролун баалоо өтө татаал.

Тилди жоготпой сүйлөп жүргөндөр керек

Мындан сырткары Кыргызстандын келечеги Россия менен байланыштуу. Москва Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууда (номиналдуу түрдө исламисттерден, бирок чындыгында Кытайдан).

Россия экономиканы дагы камсыз кылууда – эң биринчи Евразиялык келишимдердин негизинде Россиянын аймагында жеңилдетилген шартта (Мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн жарандарына салыштырмалуу) иштеп жаткан эмгек мигранттарынын эсебинен. Натыйжада 2020-жылы Россиядан Кыргызстанга 2,3 миллиард доллардан ашуун каражат которулган жана бул каражаттын көп бөлүгүн дал ошол эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүнө которгон акчасы түзөт.

Салыштыра кетсек, 2020-жылы КРнын бюджетинин киреше бөлүгү азыркы курс менен алганда 1,86 миллиард, ал эми чыгашасы 2 миллиарддан бир аз жогору болгон. Эгерде ИДПны салыштыра турган болсок Россиядагы мигранттар тапкан каражат мамлекет өз аймагында өндүргөндөрдүн болжол менен 25%ын түзөт.

Бул каражаттар түшүп турушу үчүн кыргызстандыктарга орустар керек – Россияда гана эмес, өлкөнүн өзүндө дагы. Себеби Россияда иштөө үчүн тилди жана маданиятты билүү кажет да, ал үчүн орус мектептери жетиштүү эмес, себеби адам тилди унутпашы үчүн ар дайым сүйлөшүп туруусу кажет.

Тараптардын реакциясы – расмий деңгээлде кандай реакция кылуу керек

Акыркы пикирди кыргыз улутчулдары кабыл албайт. Орустардын эсебинен акча табуу бул бир иш, ал эми аларсыз «цивилизациялык ырааттуулук» жок экенин моюнга алуу башка. Бирок, эгерде биз амбицияны жана чоң саясатты аралаштырбасак (анда, улуттук мамлекеттүүлүктүн тарыхы жөнүндө жомокторду жазуунун алкагында, дүйнөгө башаламандыкты жана кыйроону алып келген «талаа цивилизациясына» басым жасоо керек), анда дүйнө цивилизациялык блоктордун жыйындысы экени анык болот. Ал эми Кыргызстан блоктор менен чектешкен мамлекет катары тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ: Ислам цивилизациясынын бир бөлүгү болуу, Кытай цивилизациясынын бир бөлүгү болуу же Бишкектин ички ишине кийлигишүүгө аракет кылбаган жана ниети дагы жок орус цивилизациясынын бир бөлүгү болуу.

Демек, өлкөгө орустар менен Россия керек гана эмес, аларга муктаж. Мына ошондуктан Кыргыз Республикасынын бийлиги үчүн өлкөдө орус тилдүү адамдар менен болгон окуяларга өзгөчө көңүл буруу, чындыгында мындай иштердин системалуу же системалуу эмес экенин байкоо жана бул маселе боюнча коомчулукка жооп берүү маанилүү.

Ал эми Россия Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпейт, бирок кадимки мыйзамдуу түрдө жооп бере алат. Ал эми бул жерде Евгений Примаков абдан туура рецепт берди — ал Россияда мушташкандарды өлкөдөн чыгарууну сунуштады. Москва тарабынан каржыланган программаларга катышуу менен аларга Россия Федерациясына барууга тыюу салууну сунуштады.

Мен өзүм бул адамдардын Россияга алмашуу программасы аркылуу кирбешин көзөмөлдөйм. Эгерде алар келечекте Россиянын ЖОЖдоруна кирүүгө аракет кылышса, аларга өзгөчө көңүл бурулат: эч кандай дискриминация жок, албетте, баары таза болот», — деди аткаминер. Жалпысынан алганда, башка өлкөлөрдүн жарандарын Россиядан мындай максаттуу түрдө чыгарууну колдонуу жакшы болмок. Россияны жамандагандар үчүн, аны басмырлагандар орус дүйнөсүнөнчыныгы четтетүү кандай экенин жана алар сөзү же аракети менен ушундай мамилеге татыктуу болушканын сезе алышмак.

Казакстандагы «тил рейддеринин» уюштуруучусу Куат Ахметовго Россияга кирүүгө тыюу салынды. Кошумчалай кетсек, орус бийлиги жабырлануучу болгон баланын үй-бүлөсүн Кыргызстандан Орусияга көчүрүү иштерин уюштурууда. Көрүлгөн чаралар Россия башка мамлекеттердин саясатына кийлигишпестигин, бирок ал «өз кишилеринен» баш тартпаганын көрсөтүп турат. Орто Азия өлкөлөрүндөгү орустар өз мамлекеттеринин жарандары, бирок алар Россиянын коргоосунда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.