Александр Хроленко, аскерий баяндамачы: «Талибандар канча билдирүү жасашпасын, алардын сөздөрү куру убада болуп калышы мүмкүн»

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 20 Авг 2021 11:34
0 ой-пикир

Талибандар канча билдирүү жасашпасын, алардын сөздөрү куру убада болуп калышы мүмкүн, ал эми аймак кайрадан согушка тартылышы ыктымал, дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды. 

«Талибан» Ислам Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнүн үстүнөн аскердик жеңишке жетип, Ооганстандын дээрлик бардык аймагын жана бийлигин басып алгандан кийин, тышкы саясатта өздөрүн толугу менен демократиялык кыймыл катары көрсөтүүгө аракет кылышууда — мисалы, алар аялдарды келечектеги өкмөткө чакырышууда. Ал эми өлкөнүн ичинде багынбаган Панджшерде салгылашууну улантышууда жана башка провинцияларда «каршы болгон» жарандарды (анын ичинде паранжасы жок аялдарды) аткылашууда.

Ооганстандын жүрөгү

«Талибан» согушкерлери 18-августта Нангархар провинциясында улуттук желекти колдогон митингчилерге ок чыгарды, ал жерде курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясында талибтер паранжасы жок көчөгө чыккан аялды атып өлтүрүштү. Ошол эле учурда өзүн өзү дайындаган өкмөт тургундардан куралдарын жана ок-дарыларын тапшырууну талап кылууда. Мындай фактылар менен өлкөдөгү туруктуулук бири-бирине туура келбейт.

Талибтер америкалыктарды Доха келишими боюнча аскерлерди эвакуациялоо шарттары бузулганын эске салып, аларды шаштырып жатышат. Ал тургай Түркия дагы мурда бул планды алдыга жылдырганы менен, Кабул эл аралык аэропортунда аскердик катышуусун сактап калуу ниетин жоготту.

«Талибан» террордук кыймылынын башчысы  мулла Абдул Гани Барадар 20 жылдан кийин Катардан Кандагарга салтанаттуу түрдө кайтып келди, бирок ал расмий түрдө «эмир» кызматына кирише элек.

Жаңы өкмөттү түзүү технологиясы таптакыр ачык эмес. Жакын жана алыскы кошуналардын Ислам Эмиратынын мамлекеттик түзүлүш катары кабыл алынгыс экендиги жөнүндө бардык каршы пикирлерин «Талибан» тоотпой жатат.

Буга чейин ислам республикасынын вице-президенти Амрулла Салех мамлекет башчысы качып кеткенден кийин, президенттин милдеттерин аткарууга киришкенин Панджшерден жар салган. Ал жерде өкмөттүк аскерлерди жана элдик кошуундарды улуттук баатыр Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд башкарууда. Түндүктөн Панджшерге маршал Абдул Рашид Дустумдун жетекчилиги астында ооган армиясынын он миң кызматкери бара жатат.

Ахмад Масуд бардык оогандарды талибтерге каршы каршылык көрсөтүүгө кошулууга чакырды. Согуш бир гана Панджшер капчыгайында эмес, талиптер коңшу Парван провинциясынын Чарикар аймагынан сүрүлүп чыгарылды. Ооганстан кайрадан чоң жарандык согуштун босогосунда турат.

Талибандын убадалары

Талибандардын Ооганстанда баңги өндүрүшүн токтотуу, жаңы экономика түзүү, жеке үйлөрдө мекендештерин куугунтуктообо жана келечектеги өкмөткө аялдарды тартуу убадалары парадоксалдуу көрүнөт.

Бир гана баңги бизнеси туруктуу киреше алып келет жана кепилдик берет. Бул өлкөгө эл аралык каржылык жардам тондурулду. АКШ талибдерди санкциялар менен коркутууда. Айыл чарбасы жана өнөр жайы төмөндөөдө. Батыштын ондогон өлкөлөрүнүн жардам мурда деле жок болуп кетчү. Европа Биримдигинин гуманитардык катастрофаны болтурбоо үчүн (кыймылдын мыйзамдуулугун тааныбай туруп) талибдер менен диалог жүргүзүү ниети реалдуулуктан алыс, анткени батыш өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы Кабулдан элчиликтерин чыгарып кетишкен.

Пентагон Американы колдогон 22 миңге чейинки оогандарды эвакуациялоону пландап жатат. Калган 40 миллион карапайым жарандар мындан ары эмне болору белгисиз.

Ооганстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Гулам Исакзай Коопсуздук кеңешинин жыйынында Талибан жоочулары аскер кызматчыларын үйүндө тинтүү жүргүзүп, массалык түрдө өлүм жазасына тартап жатканын айткан. Жакында, талиптер калк жашаган жерлерде полициянын функцияларын аткарып баштап, өз эрежелерине ылайык, мекендештерин каалаган жерде жана каалаган убакта алда канча эффективдүү түрдө “тынчын ала” алышат. Бирок, албетте, таяк менен уруу, «таш бараңга алуу» же «баш кесүү» шарият сотунун чечими менен гана жасалат.

Оогандык аялдар үй дубалдарында толугу менен обочолонбошу мүмкүн, бирок талибдер көчөдө паранжа жок жүрүүгө тыюу салат.
Бул жерде Талибан көйгөйдүн бир гана бөлүгү экенин эске алуу керек.

Ооганстандын аймагында ондогон башка террордук уюмдар бар, алардын эң белгилүүлөрү “Ислам мамлекети”, “Жебхат ан-Нусра”, “Түркстан ислам кыймылы”. Алардын программалары жана методдору радикалдуу.  Аларда өнүгүү, жаңы мүчөлөрдү тартуу, идеологияны жайылтуу  үчүн бардык шарттар бар.

Талибандын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин «Биздин аймакты үчүнчү өлкөлөргө каршы колдонууга эч кимге жол берилбейт” деген тезиси — бул жөн гана сөз, ал эми “Аль –Каида” менен өз ара аракеттенүү узак мөөнөттүү практика.

Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө жардамы

Кабулдун талибтер тарабынан басып алынышы (аскердик төңкөрүш) бүтүндөй аймактык коопсуздук тутумуна коркунуч келтирет, ооган окуяларынын кесепеттерин алдын ала айтуу кыйын. Москва жакын арада талибтер менен дипломатиялык мамиле түзүүнү көздөбөйт. Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнө курал жеткирүүнү көбөйттү жана Ооганстандын жанында бир катар биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө.

Чек ара полигондорунда душмандын тылындагы стратегиялык объекттерди жок кылууга багытталган Ту-22М3 бомбалоочу учактарды колдонулууда — бул талибдерге Борбор Азиянын чек араларынан алыс болууну эскертүү. Москва Тажикстандагы 201- аскер базасынын арсеналын кыйла көбөйттү.

Орусиянын бул аракеттери Ооганстандагы кырдаалдын курчушунун фонунда коркунучтардын алдын алууга багытталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.