Саясатчылардын кооптонуусу. Парламенттик шайлоонун коопсуздугуна эмне коркунуч туудурушу мүмкүн?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Авг 2021 17:07
0 ой-пикир

Кыргызстандагы бир мандаттуу округ боюнча шайлоо жаңы революцияны жана уруулар аралык тирешүүнү жаратышы мүмкүн. Мындай тынчсызданууну айрым саясатчылар билдирүүдө.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов “Азаттыкка” билдиргендей, мажоритардык шайлоо системасы өлкөдө туруксуздукту жаратат. Ал бир мандаттуу округ боюнча шайлоонун артыкчылыктары менен кемчиликтерин жакшы билет. 2000-жылы саясатчы Талас облусунун Кара-Буура районунан депутат болуп шайланган.

«Ал убакта Акаев мага каршы болуп, өзүнүн адамы Алымбай Султановду колдогон. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган. Нааразы болгон тургундар Кара-Буура администрациясынын имаратын басып алышкан, алар мени уккан да жок. Район акими качып кеткен, шайлоо участкасынын башчысы асынып алган. Бул система өлкөдөгү туруксуздукка алып келиши мүмкүн. 2-августта мен президент менен жолугуп, тобокелчиликтер тууралуу айттым. Ал шайлоо учурунда пара берүү жана башка мыйзам бузуулар катуу көзөмөлдөнөт деп жооп берди», — деди Кулов.

Депутат Рыскелди Момбеков бир мандаттуу округ боюнча шайлоо бул өткөнгө кайтуу, артка кетүү деп эсептейт:

«2005-жылдагы шайлоодон кийин шайлоочулар райондук жана облустук администрацияларды басып ала башташкан. Кушчу менен саруунун [уруулардын] тирешүүсүнөн ким пайда табат? Эгерде Кочкор менен Жумгал бир округда болуп калса, бул саяктар менен сарыбагыштардын тирешине алып келет. Нарында, Ат-Башыда жана Ак-Талаада дагы ушундй эле абал болот. Аскар Салымбеков менен Накен Касиевдин тиреши баарынын эсинде. Аксыда болсо мандатты багыштар менен саруулар бөлүшөт. Эми эмне баарыбыз урууларга бөлүнөлүбү? Мындан тышкары, Чоң-Алай, Чаткал же Ак-Талаа сыяктуу кээ бир райондор депутатсыз калат. Кээ бир талапкерлерди бийлик түртөт. Садыр Жапаров өзү мандатынан ажырап кала жаздаган, муну жакшы билет».

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы мандаттар өкүлчүлүк нормаларына ылайык бөлүштүрүлгөнүн жана парламентте ар бир аймактын өкүлү болоруна ишендирди:

«Талас облусунда 160 миң, Нарын облусунда 200 миңге жакын шайлоочу бар. Ошондуктан, алар экиден мандат алышат. Ысык-Көл жана Баткен облустарында 300 миңден шайлоочу бар, аларда үчтөн мандат бар. Бишкекте 400 миңден ашуун шайлоочу катталган, бул жерде төрт шайлоо округу түзүлөт. Чүй облусунда алты округ, Жалал-Абад облусунда жети округ болот. Ош облусунда жана Ош шаарында 900 миңден ашуун шайлоочу жашайт, ошондуктан алар үчүн тогуз мандат каралган ”, — деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Анын айтымында, алдыдагы шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү — экинчи турдун жоктугу.

Эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү болот.

«Шайлоочуларга эки бюллетень берилет. Бири — бир мандаттуу округ боюнча талапкерди шайлоо үчүн, экинчиси — пропорционалдык система боюнча. Башкача айтканда, экинчи бюллетенде бир гана партияга эмес, андагы талапкерге да добуш бере аласыз. БШК шайлоону аралаш система боюнча өткөрүүгө техникалык жактан даяр”, — деп жыйынтыктады Бекматов.

БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов жаңы шайлоо мыйзамынын долбоорун кайра карап чыгуу керек деп эсептейт.

Ал 24.kg маалыматтык агенттигине билдирген пикиринде, документте азчылыктардын квоталары эске алынбай калган, анткени ачык тизме боюнча добуш берүү учурунда шайлоочулар аларды бюллетендерге белгилебей коюшу мүмкүн, тактап айтканда, аялдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү чектелген.

«Жогорку Кеңеште аялдар 30 пайыз болушу керек. Башкача айтканда, партиялардын тизмесинде 54 кишинин ар бир төртүнчүсү айымдар болушу керек. Бирок эгер аялдар жетиштүү добуш ала албаса, анда алар кантип парламентке келери белгисиз », — дедиМаматов.

Ошол эле учурда президент азырынча парламенттик шайлоону өткөрүүнүн жаңы эрежелерин белгилеген мыйзам долбооруна кол кое элек. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 28-июлда кабыл алынган жана 4-августта мамлекет башчысынын Администрациясына келип түшкөн. Эми Садыр Жапаров же ага кол коюшу керек, же бир айдын ичинде кайра карап чыгууга кайтарышы керек. Бирок президент мыйзам долбоорунун автору экенин эске алганда, анын четке кагылышы өтө күмөн.

Эгерде мыйзам кабыл алынса, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

Акыркы жолу Кыргызстанда мажоритардык система боюнча шайлоо 2005-жылы өткөрүлгөн. Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы 24-мартта «жоогазын ыңкылабы» менен аяктаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.