Кыргызстан менен Тажикстан Эл аралык террордук баскынчылыкка чогуу аракет кылыш керек, — серепчилер

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Авг 2021 09:22
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын чечүү үчүн Россия ортомчу болууга ынтызар экенин былтыр билдирген.

Бирок ага Тажикстан макул эместигин билдирип, Россиянын Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн. Андан бери чек арада ири куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан тең ондогон адам курман болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча аракеттер жүрүп жатканы менен конфликттер дагы деле болуп жатканын РИА Новостиге берген маегинде билдирди. Ал, эки өлкөнүн чек ара маселеси чечилбесе, анда үчүнчү өлкөнү катыштыруу ыктымалдуулугу бар экенин белгиледи.

— Эгерде кандайдыр бир себептерден улам биздин өлкөлөр мунаса таба алышпаса, анда биз албетте, Россияга же башка боордош өлкөлөрдү сүйлөшүүлөргө тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз.

 Окурмандардын эсине салсак, 2021-жылдын 21-августунда болжол менен саат 10:00дө «Головной» суу бөлүштүрүүсү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган.

Кийинчерээк саат 12:00дөр чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КАМАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа), Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.

Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган иштерди Исфара (Тажикстан) шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болгон.

Тез аранын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон. Мындай учурлар байма-бай кайталанып жатканы тургундарды кооптондурат. Аталган учурга окшош дагы бир жагдай Баткенге чектеш трассада унаага таш ыргыткан учур орун алды.

Эки-Таш жергесинде белгисиз адамдар Кыргызстандын 2 жаранынын унааларына таш ыргытышкан.

Чек аранын басма сөз кызматы билдиришинче, 2021-жылы 22-августунда болжол менен 00:30дар чамасында Эки-Таш жергесинде Баткен – Исфана унаа жолунда белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан КР жарандарынын унаасына таш ыргытышкан.

Жыйынтыгында «Мерседес-Бенц» унаасынын эшиги жабыркап, «Хонда Стрим» унаасынын айнеги сынган. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.

Аталган факт Баткен облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлерине кабарланган.

Өз кезегинде Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тараптардын укук коргоо органдарынын катышуусунда жолугушууну пландашышканы менен мындай учурларды алдын алууга азыркы учурда болбой жатат.

Былтыры май айынын аягында өткөн ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө үчүнчү өлкө катары ортомчу болууга даяр экендиктерин билдирген.

Бирок тажик тарап Лавровдун мындай билдирүүсүнө карата нааразычылык нотасын жөнөтүп, “мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иши болуп эсептелери жана эки тараптуу гана негизде жүргүзүлөрүн” белгилеген. Ошондой эле “Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп келатканы, бул жараянга үчүнчү тарапты тартуунун зарылчылыгы жок экенин” айтышкан.

Бул маселеге Кыргызстан өз учурунда кандайдыр билдирүү тараткан эмес

Серепчилер, эки мамлекеттин чек ара маселесине Россия катышса, Тажикстанга зыян алып келишин белгилешет. Көп жылдан бери кыргыз-тажик чек арасын боюнча маселелерди иликтеп жүргөн Хаит Айкынов, бул маселеде Өзбекстан же башка мамлекеттер эмес, ортомчу болсо Россия болуш керек дейт.

“Себеби, аларда чек ара боюнча Союз мезгилинде кабыл алынган, такталган материалдар архивде бар. Эгер ортомчу болсо, Россия болуш керек. Алардын толук мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиден, аларда материалдар бар, экинчиден, кантсе дагы, алар менен чогуу 70 жыл бир мамлекет катары жашап калдык да. Ошондуктан, Россиядан кандайдыр бир материалдар чыгып калышы мүмкүн деген шек менен Тажикстан аларды катыштыргысы келбейт”,- дейт Айкынов.

Азыр тажикстандык серепчилер эки өлкөнүн чек ара боюнча чыңалган мамилеси жумшарганын айтышууда. Бул – Ооганстандан келген кооптуу абалга байланыштуу экенин белгилешет. Алар мындай абалдан пайдаланып, чек араларын эртерээк чечип, Эл аралык террордук баскынчылыкка чогуу аракет кылыш керектигин эскертишет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын акыркы отуруму өткөн жумада Баткен облусунун Исфана шаарында өттү. Анда эки тарап орток пикирге келип, жылыштар болгону айтылды. Тараптардын өткөн айдагы жолугушуусу Тажикстанда жүргөн. Май айынан бери эки тараптуу комиссия мүчөлөрү кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча орток пикирге келип, документке кол коюлганы маалымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Аны тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документтер менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылган эмес. Эки өлкө СССР тарагандан бери 70тен ашык талаштуу жер тилкелерине ээлик кылуу боюнча бир пикирге келе албай келишет.

Чек аралардын чечилбей келгенинен улам, мезгил-мезгили менен жергиликтүү элдердин жана чек арачыларынын ортосундагы чыр-чатактар курал колдонууга чейин жетет. Быйыл жыл башынан бери, чек ара чырынан эки тараптан 56 адамдын өмүрү кыйылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.