Шенген зонасынадагы өлкөлөр 1-июлдан тарта чек араларын ача баштайт

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 10:23
0 ой-пикир

Еврокомиссия Шенген зонасына кирген өлкөлөргө 1-июлдан тартып баскыч-баскыч менен тышкы чек араларды ачууну баштоого сунуштама берди. Комиссия бул убакыттын аралыгында биримдиктеги өлкөлөр арасындагы чектөөлөр алынат деген көз карашта.

30-июнга чейин ЕБнын чек аралары үчүнчү өлкө жарандары үчүн жабык болот. Еврокомиссия 1-июлдан тартып бир нече категориядагы чет өлкөлүктөр үчүн, анын ичинде студенттер жана жогорку квалификациялуу жумушчулар үчүн чек араны ачууну сунуштоодо. Чөлкөм азырынча туристтерди кабыл албайт.

Бул арада 1-июлдан тартып Евробиримдикке кирбеген бир нече Балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дагы чек араны ачуу сунушталууда.

Андан аркы чечимдер эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.

Ал арада Шенген зонасына кирген өлкөлөрдүн консулдуктары тарабынан виза берүүнү жандандыруу үчүн критерийлер да иштелип чыкты, бирок так датасы айтыла элек.

Еврокомиссиянын сунуштарын ЕБ өлкөлөрү жактырышы керек.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн көбүндө коронавирус жуктурган жана өлгөн кишилердин саны азайууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.