Тажикстандын мектептеринде быйыл бүтүрүү сынактары болбойт

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 11:14
0 ой-пикир

Тажикстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу мектептерде бүтүрүү сынактары болбойт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Чечимге ылайык, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү аттестатты жылдык баалардын негизинде алышат. Ошол эле маалда алтын жана күмүш медалдарды алуу үчүн сынактардын шарттары мурдагы бойдон калат. Бул медалдар жогорку окуу жайларына тапшырууда бүтүрүүчүлөргө бир катар жеңилдиктерди берет.

Тажикстанда мектеп окуучулары аралыктан окуган жок. Окуучулар кийинки класстарга апрель айына чейин алган бааларынын негизинде көчүрүлөт.

Быйыл Тажикстанда 11-классты 123 миң, 9-классты 162 миң окуучу аяктайт. Жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактары 11-июлда башталат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2-июнда тарта мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо башталган.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.