Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо өтүп жатат

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 08:48
0 ой-пикир

Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-июнда Кыргызстандагы мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо башталды.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.