Аз эле убакыт калды. Жогорку Кеңеште шайлоону жылдыруу маселеси көтөрүлдү

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 11:51
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдыруу сынушталды. Мындай пикирин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

«Мурдагыдай форматта үгүт иштерин жүргүзүп, концерт, той уюштурсак, бир топ коркунучтар бар. Коронавирус азайбай жатат. Күчөп кетсе бир топ суроолор жаралат. Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек. Же үгүттү башкача жүргүзүүгө мажбур болобуз. Шайлоонун мөөнөтүн жылдырсак бир катар суроолор чыгат, саясий оюндар да болушу мүмкүн. Жаңы форматта, онлайн режимде үгүт кылсак болот. Ошондуктан бир чечимге келүүгө тийишпиз. Шайлоого аз эле убакыт калды», — деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, кечээ, 3- июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Спутник» сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген.

Мурда пандемиядан улам жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу Кыргызстандагы 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-июнда өтүшү керек. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.