Дастан Жумабеков: Парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 17:53
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттик шайлоо коронавируска байланыштуу жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал «Спутникке» берген маегинде билдирген.

«Азыркы учурда коронавирус пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды.

Өзгөчө абал — бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда, мыйзам боюнча, шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин», — дейт Жумабеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.