Сооронкулова: УКМК «Азаттыктын» иликтөөсүн башка нукка буруп жатат

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 22:35
0 ой-пикир

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлдекеттик кызмат (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүн ачыкка чыгаруунун ордуна, тескерисинче, ишти башка нукка буруп, анын өзүн күнөөлүү кылып көрсөткүсү келип жатат. Мындай пикирин ал «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдиди.

«Эгер УКМК өздөрүнүн алдына коюлган ишти – иликтөөдө айтылган мыйзамсыз, коррупциялык иштердин жок экенин аныктап, ал тууралуу маалыматтарды жокко чыгарып, анан гана «журналист жок маалыматтарды бериш үчүн акча алган экен» деп чыгарса түшүнүктүү болмок. Бул жолу алар тескерисинче кетишти. Коррупциялык иштерди эмес, аларды айтып чыккан журналисттин ишине киришип, чоң олжо тапкансып, «акча алганын таап чыктык» деп мактанып жатышат», — дейт юрист.

Сооронкулова атайын кызмат «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөөдө аталган адамдардын байлыгын текшерүүгө тийиш деп эсептейт.

Эске сала кетсек, 2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу парламентте түзүлгөн комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек жеке ишкер Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн.

УКМКнын айыптоосуна «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жооп берип, муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.