УКМК: Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 18:49
0 ой-пикир

Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаитинин аты «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражаттарын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу сөз болот.

2019-жылы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө Саймаити бир канча билдирүү жасаган.

Саймаити 2020-жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланган.

Кыргызстанда Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон. Парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.