«Эл акты ак, караны кара деп айырмалай алат». Али Токтакунов УКМКга жооп берди

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 17:05
0 ой-пикир

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн кытай жараны Айеркен Саймаитиден «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүнө «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов жооп берди. Журналист видеокайрылуу жасап, буларга токтолду.

«Улуттук коопсуздук комитетинин менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү бул каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү кыска болорун тарых далай жолу далилдеген.

Мындай күбөмүн деген адамдардын куру, эч бир фактыга, далилге таянбаган билдирүүлөрү, анын ичинде абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин да болуп келген жана алар түрдүү «гейт» деген аттар менен тарыхка кирген. Андан сырткары УКМКнын атына далай жолу наалат айттырган иштер болгон.

Айеркен Саймаитиден мен эч кандай акча алган эмесмин. Айеркен Саймаитиден биз, журналисттер, жүздөгөн документтерди, анын ичинде ал өзү аралашып жүргөн иштер боюнча, көрсөтмөлөрүн алганбыз.

Андан тышкары башка да ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн маалыматтарын негизинде биз иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстандагы туташ коррупциянын, анын ичинде, бажыдагы коррупциянын, Кыргызстандан жүз миллиондогон акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз.

Тилекке каршы, өкмөт канча убакыт өтсө биз ашкерелеп берген фактылардын аягына чыкпай, иликтөөгө чекит кое элек. Бул — абдан өкүнүчтүү. Анын ордуна иликтөөчү журналисттердин өзүнө, атына каралоо жүрүп жатканы өкүндүрөт.

Бирок эл билип турат, акты ак, караны кара деп айырмалай алат. Албетте, акырында чындык жеңерине биз терең ишенебиз».

«Azattyk» тартуулайт:«Али Токтакунов: УКМК карандай калпты таратты»Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү.Оюнуздар комментарийде болушунуз!Максималдуу репост!!!

Опубликовано Искеном Афиджановым Вторник, 2 июня 2020 г.

Эске сала кетсек, 2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу парламентте түзүлгөн комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек жеке ишкер Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн.

УКМКнын айыптоосуна «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жооп берип, муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.