Эки күбөнүн көрсөтмөсү менен акыйкатты аныктоого болбойт,- депутат Карашев

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 09:15
0 ой-пикир

Эки күбөнүн көрсөтмөсү менен акыйкатты аныктоого болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик комиссиянын мүчөсү Аалы Карашев «Азаттыкка» билдирген.

“Тергөө уланып жатат. Күбөлөр видеокөрсөтмөдө аттарын атаган кишилерди да суроо зарылчылыгы бар. Алардын да сөзүн, көрсөтмөсүн угуп, ошондон кийин гана жыйынтык чыгарып, чындыкты айтууга болот”, — деди эл өкүлү.

2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу парламентте түзүлгөн комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек жеке ишкер Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн.

УКМКнын айыптоосуна «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жооп берип, муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.