«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Максат Мамытканов ИИМде сурак берди

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 19:06
0 ой-пикир

«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Максат Мамытканов ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамытканов тергөө сырынын купуялыгына байланыштуу сурак учурунда эмне тууралуу кеп болгонун айта албай турганын белгилеп, болгону ««Чоң казаттын» эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин жазган.

Белгилей кетсек, буга чейин «Чоң казат» кыймылынын дагы бир мүчөсү адвокат Канат Хасанов да Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыккан.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Чоң казат» деген уюм айрым депутаттардын, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууга алынган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы активист Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди да атаган. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Учурда Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.