«Камасаңар камагыла!». Канат Хасанов суракка чакырылышы боюнча видеобилдирүү жасады

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 17:23
0 ой-пикир

Белгилүү адвокат Канат Хасанов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, суракта «Чоң казат» кыймылынын өкүлү катары суралган. Билдирүүдө Хасанов тарапкерлерин эч кандай колдоо акцияларына чыкпоого чакырды. Ошондой эле кайра бүгүн саат 17.00гө кайрадан суракка баруу тууралуу кагаз келгенин айтты. Сурактан кийин кармалып калышын кошумчалады.

Опубликовано Канатом Хасановым Четверг, 28 мая 2020 г.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун өкүлдөрүнүн айрым депутаттардын, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Алардын арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да бар. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.