Россияда референдум 1-июлда өтмөй болду

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 11:48
0 ой-пикир

Россияда конституциялык өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдум 1-июлда өткмөй болду. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Путин 1-июнда түзөтүүлөрдү даярдаган топтун жетекчилери менен жыйында билдирди.

Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова бул датаны колдорун, элдин көп топтолушунун алдын алыш үчүн добуш берүү алты күн мурун башталарын айтты. Анын айтымында, 2-3 аймакта электрондук добуш берүү уюштуруу каралууда.

Путин 24-июнда референдумду өткөрүү жөнүндө сунуш түшкөнүн, бирок Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгына арналган парад болорун, эки окуяны аралаштырбоону чечкенин кошумчалады.

Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова «эпидемиянын кескин көтөрүлүү баскычы» өткөнүн, инфекциялангандар көбөйүш ыргагы басаңдаганын белгиледи.

Эске салсак, 14-мартта Россиянын президенти Владимир Путин «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан гана куралары жазылган.

Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынып, мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылган. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачкан. Конституциялык сот бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келет деген бүтүм чыгарган.

Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.