Үй камагына чыккан Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев ооруканага түштү

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 15:51
0 ой-пикир

Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев ооруканага жатты. Бул тууралуу 2-июнда «Азаттыкка» анын уулу Азат Рузиев кабарлады:

«Атам кан басымына жана соңку күндөрү башынан өткөргөн стресске байланыштуу кечээ ооруканага жатты. Азыр ал Ысык-Көл облустук ооруканасында».

Азат Рузиевдин айтымында, 3-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине карата жазылган арыздар сотто каралат.

Укук коргоочу жана активист, Ысык-Көл облусундагы «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген.

Ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган жана анын ишиндеги Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси алынган.

Камакта отурганда Рузиев күч органдарынын аракетине карата каяша иретинде ачкачылык жарыялаган. Ал буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.