Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев үй камагына чыгарылды

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 09:37
0 ой-пикир

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоочу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди шаардык сот кабыл алды.

Рузиев үй камагында болгондуктан саат 22:00 менен 06:00 арасында үйүндө болушу керек. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун аймагынан ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт..

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан «Вентус» коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганы кабарланган.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 («Документтерди жасалмалоо») жана 204-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголгон. Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.