Чек ара кызматы: «Кыргыз жараны тажик жаранына ок атты» деген маалымат териштирилип жатат

Окуялар тизмеги 28 Май 2020 09:30
0 ой-пикир

Тажикстандын Чек ара кызматынын «27-майда Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына карата ок атты» деген билдирүүсү териштирилип жатат.

КР Чек ара кызматынан билдиришкендей, 27-май күнү Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде жагдайды билүү үчүн Баткен жана Исфара (Тажикстан) боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чек ара аймагында мыйзам бузуулар менен чырларды болтурбоо жана алдын алуу чараларын талкуулашкан. Жолугушууга катышкандар аталган маалымат боюнча териштирүү жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

«Бардык жагдайларды аныктоо үчүн аталган факт боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан иликтөө башталды. Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарапты ММКларда туура эмес маалыматтарды таратпоого жана чек арада болгон окуяларды объективдүү түрдө баалоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы белгилегендей, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Эске сала кетсек, мурдараак Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, 27-май күнү саат 11лер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө: «Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал», деп жазылган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аты аталган кыргыз жараны Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке кагууда. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин билдирген.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында «Россия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экендигин» билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.